Коррупцияга каршы журнал

Коррупцияга каршы журнал

Долбоор жөнүндө

Transparency International Кыргызстан курамасы 2019-жылы коомчулукка көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтар, административдик тоскоолдуктарды жеңүү жана коррупцияга каршы күрөшүү чаралары жөнүндө маалымат берүү үчүн Коррупцияга каршы журналды иштеп чыккан. “Коррупцияга каршы журналынын” милдети – калкка мыйзамдарды түшүндүрүү жана мамлекеттик органдар менен катташууга жардам берүү гана эмес, жарандардын арасында укуктук эл агартуу жана коррупцияга каршы көндүмдөрдү калыптандыруу.

Жөнөкөй жарандар мамлекеттик кызматтарды тез жана сапаттуу ала алышы үчүн порталда Нускамалар бөлүмү бар, анда ар кандай багыттар боюнча ондогон нускамаларды таба аласыз, анда мамлекеттик органдарга кайрылууда аракеттердин ырааттуулугу так жана жөнөкөй сүрөттөлөт. Биздин нускамалардан жарандар өздөрүнүн укуктары жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин милдеттери жөнүндө биле алышат, керектүү документтердин формалары жана үлгүлөрү менен таанышып, иш убактысын, керектүү мамлекеттик уюмдардын даректерин жана телефондорун биле алышат.

Сайтта Материалдар, Бийлик, Шаймандар, Талдоо / Сереп, Ийгилик окуялары сыяктуу бөлүмдөр бар, алардан көптөгөн кызыктуу жана билгиликтүү маалыматтарды таба аласыз. Мындан тышкары, «Коррупцияга каршы журнал» сайты көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапаты боюнча суроолорду берүүгө, пикир алмашууга жана пикир калтырууга мүмкүнчүлүк берет.

Коррупция жөнүндө цитаталар

Transparency International уюму маалымат булактары менен иштөөдө Кыргызстан адам жашоосунун жеке чөйрөсүнө кийлигишпөө боюнча конституциялык принцибин так сактайт жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 20-беренесине баш ийет. Сайтта берилген бардык маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарындагы ачык булактардан алынган.

Нускамалар

Бийлик

Каков порядок проведения централизованных закупок

Бийлик 24 Январь 2019

Департамент государственных закупок при Министерстве финансов Кыргызской Республики (далее - Департамент) является подведомственным подразделением Министерства финансов Кыргызской Республики, обеспечивающим регулирование системы государственных закупок.

Кеңирирээк окуу

Ийгилик окуялары