Башкы бет » Кен казуу тармагы
Кен казуу тармагы
Кен казуу тармагы бөлүмү төмөнкү бөлүмчөлөрдөн турат: Нускамалар (юридикалык билими жок жарандарга оңой түшүнүү жана колдонуу үчүн биз иштеп чыккан кен казып алуу тармагындагы айрым мамлекеттик кызматтарды алуу, мамлекеттик органдардын жана алардын кызматкерлеринин иш-аракеттери жөнүндө стандарттык маалыматтардын жыйындысы) жана Материалдар (кен казып алуу тармагына байланышкан окуялардын жана иш-чаралардын материалдары – макалалар, брошюралар, буклеттер, презентациялар).Кен казуу тармагы Кыргыз Республикасынын экономикасынын, негизинен алтын казып алуу менен шартталган маанилүү бөлүгү болуп саналат. 2015-2017-жылдар үчүн Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесинин (КТАД) акыркы отчетуна ылайык, кен казуу тармагынын ИДПга кошкон салымы 10 пайызга жакын, өнөр жай өндүрүшүнө 50 пайыздан ашык, экспортко 40 пайыздан ашык болгон. Тармакта 18 миңден ашык адам иштейт.
Кыргыз Республикасы эл аралык коомчулук менен биргеликте экономикасын андан ары трансформациялоо жана диверсификациялоо, айлана-чөйрөнү коргоону күчөтүү жана калк үчүн жер казынасын пайдалануунун артыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча түрдүү аракеттерди жасоодо. Бирок жасалган аракеттерге карабастан, дүйнөнүн башка көптөгөн өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанда да өлкөнүн экономикасынын бул маанилүү тармагында башкаруунун төмөн эффективдүүлүгү жана коррупция менен байланышкан курч көйгөйлөр бар. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү коррупция маселелери басма сөз беттериндеги макаларда тынымсыз чагылдырылып, өкмөттүн жыйындарында талкууланып, алтургай Коопсуздук кеңешинин отурумдарында каралып келе жатат.
Мыйзамдардагы кемчиликтер жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ачык-айкындуулуктун, эсепберебилерликтин жана ак ниеттиктин талаптарын эске албоо үчүн дагы эле орун калтырууда, ал тургай мыйзамдар кээде мындай талаптарды дегеле камтыбайт. Бар болгон мыйзам талаптарын практикада ишке ашырууда да көйгөйлөр жок эмес. Жергиликтүү коомчулуктун тандалма өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү калк менен консультацияларды өткөрүү жүргүзүлгөн үчүн, жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктары дагы эле өтө начар эске алынууда. Эркектер да, аялдар да мындай консультацияларга өз катышуусу жөнүндөгү укуктарын жакшы билишпейт.
Категория боюнча категориям
Коррупция жөнүндө цитаталар
Transparency International уюму маалымат булактары менен иштөөдө Кыргызстан адам жашоосунун жеке чөйрөсүнө кийлигишпөө боюнча конституциялык принцибин так сактайт жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 20-беренесине баш ийет. Сайтта берилген бардык маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарындагы ачык булактардан алынган.