Коррупцияга каршы журнал
Башкы бет » Кен казуу тармагы » Материалдар

Материалдар

Жарандык катышуу

Кен казуу тармагы 4 Июль 2022
Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылууга чакырылганына карабастан, коомчулук жигердүү кадамдарга барганда, чечимдерди кабыл алууга катышуу каалоосун билдиргенде жана кантип катышаарын билгенде гана укуктук механизм ишке кирет. Коомчулуктун эң активдүү өкүлдөрү бейөкмөт уюмдар (БӨУ) деп аталган уюмдарга биригишет.
КЕҢИРИРЭЭК ОКУУ

Кыргызстанда лицензиялоо процессинин ачыктыгы

Кен казуу тармагы 4 Июль 2022
КТАД кен өндүрүү секторундагы бардык ыйгарылган жана өткөрүлүп берилген контракттар жана лицензиялар, лицензиялардын жана контракттардын реестри жөнүндөгү тиешелүү маалыматты ачыкка чыгарууну талап кылат.
КЕҢИРИРЭЭК ОКУУ

Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн жол-жоболору

Кен казуу тармагы 4 Июль 2022
Көпчүлүк мамлекеттердегидей эле Кыргыз Республикасынын кен байлыктары элге таандык. Мамлекет ресурстарды башкарат жана жеке компанияларга, кээде мамлекеттик тоо-кен компаниялары менен өнөктөштүктө же долбоордо мамлекетке үлүш берүү жолу менен геологиялык издөө, чалгындоо жана өндүрүү укугун берет. Кыргыз Республикасы пайдалуу кендерди издөөгө, чалгындоого жана казууга укуктарды берүү үчүн негизинен лицензиялык режимге таянат.
КЕҢИРИРЭЭК ОКУУ

Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси

Кен казуу тармагы 4 Июль 2022
Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси (КТАД) кен казуу тармагындагы айкындуулуктун дүйнөлүк стандарты болуп саналат. Ал компаниянын төлөмдөрүн мамлекеттин кирешеси менен шайкеш келтирүүгө жана бул маалыматты жалпы коомчулукка жеткирүүгө багытталган. Анын максаты төлөмдөр менен алынган кирешелердин ортосундагы мүмкүн болгон айырмачылыктарды табуу, мындай айырмачылыктардын себептерин иликтөө жана орун алган көйгөйлөрдү чечүү болуп саналат.

Бул бөлүмдө КТАД 2019 стандарттары, КТАД процессине катышуу жана башка пайдалуу маалыматтарды келтирилген.
КЕҢИРИРЭЭК ОКУУ

Жер казынасын пайдалануучулардан жергиликтүү жамааттар алган кирешелер жана пайдалар

Кен казуу тармагы 4 Июль 2022
Бул бөлүмдө жер казынасын пайдалануучулардан жергиликтүү жамааттар алган кирешелер жана пайдалар жөнүндө маалымат таба аласыз. Анда жергиликтүү деңгээлде бюджеттик маалыматты, анын ичинде региондорду өнүктүрүү фонддору жана социалдык пакет жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу боюнча мыйзам талаптары баяндалат.
КЕҢИРИРЭЭК ОКУУ

Лицензия алууга байланыштуу милдеттенмелер

Кен казуу тармагы 3 Июль 2022
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык лицензия алуучу лицензияны жана иштерди долбоорлоого лицензиялык келишимди алгандан кийин өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча оң эксперттик корутундулары бар техникалык долбоорду жана ошондой эле тиешелүү жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна макулдук жана/же күбөлүктү берүүгө милдеттүү.
КЕҢИРИРЭЭК ОКУУ

Жер казынасын пайдалануунун жашоо айлампасы

Кен казуу тармагы 2 Июнь 2022
Кенди казып алуу процесси кенди ачуудан баштап пайдалуу кендерди өндүрүүгө жана акыры жерди өзүнүн табигый абалына кайтарууга чейин эки негизги баскычтан турат: Издөө  жана чалгындоо баскычы жана Кенди өндүрүү быскычы.
КЕҢИРИРЭЭК ОКУУ

Коррупция жөнүндө цитаталар

Transparency International уюму маалымат булактары менен иштөөдө Кыргызстан адам жашоосунун жеке чөйрөсүнө кийлигишпөө боюнча конституциялык принцибин так сактайт жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 20-беренесине баш ийет. Сайтта берилген бардык маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарындагы ачык булактардан алынган.