Коррупцияга каршы журнал
Башкы бет » Кен казуу тармагы » Материалдар » Лицензия алууга байланыштуу милдеттенмелер

Лицензия алууга байланыштуу милдеттенмелер

3 Июль 2022
Тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн техникалык долбоорлор өнөр жайлык, экологиялык коопсуздуктун жана жер казынасын коргоонун талаптарына шайкештиги боюнча экспертизадан өткөрүлөт.

Курчап турган чөйрөгө таасирин баалоо

Мамлекеттик экологиялык экспертиза Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан техникалык долбоордун алкагында берилген айлана-чөйрөгө берген таасирин баалоо (АТББ) боюнча корутундунун негизинде жүргүзүлөт.

Айлана-чөйрөнү коргоо талаптары төмөнкү ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлгөн:

2009-жылдын 8-майындагы «Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун жалпы техникалык регламенти» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
1999-жылдын 16-июнундагы "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-июлундагы Токой кодекси;
Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы Суу кодекси;
Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 13-ноябрындагы “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” мыйзамы ж.б.
Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүнүн мөөнөтү экспертизанын объектисинин татаалдыгына жараша аныкталат, бирок керектүү материалдар толук көлөмдө келип түшкөн күндөн тартып үч айдан ашпоого тийиш.

Экологиялык экспертиза боюнча буклет

Айлана-чөйрөгө тасир берүүнү баалоонун жол-жобосу


Өнөр жай коопсуздугунун талаптары

Өнөр жай коопсуздугу – бул катуу белгиленген стандарттар жана ченемдер колдонулуучу аймак жана аны камсыз кылуу, объекттин бардык мүнөздөмөлөрү атайын экспертизадан өткөндө гана мүмкүн болот.

Өнөр жай коопсуздугунун талаптары төмөнкү ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлгөн:

«Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
«Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
«Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламент» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
“Өнөр жай үчүн жарылуучу материалдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
«Көмүр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
жана башка эрежелерди, нормаларды, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу ченемдик документтердин тизмесине ылайык контролдонуучу тармакта коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы нускамаларды.

Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизасын төмөнкүлөр өтүүгө тийиш:

кооптуу өндүрүштүк объектти курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга долбоордук документтер;
кооптуу өндүрүштүк объектте колдонулуучу техникалык түзүлүштөр;
коркунучтуу өндүрүштүк объектидеги имараттар жана курулмалар;
Өнөр жай коопсуздугу боюнча декларация жана кооптуу өндүрүш объектисин эксплуатациялоого байланыштуу башка документтер.
тоо кен жумуштарын өнүктүрүү планы


Жер казынасын коргоо талаптары

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жер казынасын коргоо боюнча талаптар каралган. Жер казынасын коргоо боюнча талаптар «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 Мыйзамында көрсөтүлгөн, ага ылайык жер казынасын пайдалануучулар жер казынасынан негизги жер казынасынын запастарын жана биргелешип пайда болгон пайдалуу кендерди жана аны менен байланышкан компоненттерди толугу менен казып алууну камсыз кылууга жана пайдалуу кендердин ашкере коромжу болушуна, кендердин запастарын тандап иштетүүгө жана начарлашына жол бербөөгө милдеттүү .




Бул макаланы бөлүшүүдөн тартынбаңыз:


Тизмеге кайтуу



Коррупция жөнүндө цитаталар

Transparency International уюму маалымат булактары менен иштөөдө Кыргызстан адам жашоосунун жеке чөйрөсүнө кийлигишпөө боюнча конституциялык принцибин так сактайт жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 20-беренесине баш ийет. Сайтта берилген бардык маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарындагы ачык булактардан алынган.