Коррупцияга каршы журнал
Башкы бет » Кен казуу тармагы » Материалдар » Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн жол-жоболору

Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн жол-жоболору

4 Июль 2022
Учурда Кыргыз Республикасында лицензия алуунун 4 жолу бар:


Биринчи берилген өтүнмө эрежеси

Биринчи берилген өтүнмө эрежеси ("биринчи келген-биринчи тейленет" принциби катары белгилүү). “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга ылайык, биринчи берилген өтүнмө эрежеси боюнча, 2-топтогу пайдалуу кендерге – таза жана минералдык жер астындагы сууларга гана лицензия алууга болот.


Аукцион

Аукционду өткөрүү үчүн негиз болуп аукциондун уюштуруучусу тарабынан кабыл алынган аукцион өткөрүү жөнүндө чечим саналат. 1-мунай-газ жана 3-башка пайдалуу кендер топторуна кирген пайдалуу кендердин көпчүлүгү аукциондук ыкма менен бөлүштүрүлүүгө тийиш.

Аукционго коюлган жер казынасынын участогунун старттык баасы комиссия тарабынан аныкталат жана бонустун (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) өлчөмүнүн суммасына жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын наркынан кем болбоого тийиш.


Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс


Конкурстар Өкмөттүн чечими менен жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын ар бир участогу боюнча жарыяланат жана өткөрүлөт. Конкурска коюуга жаткан жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторунун реестри (мындан ары - Реестр) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Конкурсту өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кеминде 7 мүчөдөн турган конкурстук комиссияны түзөт. Комиссиянын төрагасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайындайт, добуш берүү укугуна ээ болбогон конкурстук комиссиянын катчысын жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан көрсөтүлгөн конкурстук комиссиянын төрагасы дайындайт. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын өкүлдөрү. Ар бир фракция бирден өкүлдү аныктайт;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрү;
3) аймагында жер казынасын пайдалануу объекти жайгашкан, администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдарынын башчылары же алардын орун басарлары.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугу 100% мамлекеттик үлүшү бар чарба жүргүзүүчү субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга гана берилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Мындай чечимди кабыл алуу, конкурс же аукционду өткөрүү зарылдыгын жокко чыгарат.






Презентация Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн жол-жоболоруү

Бул макаланы бөлүшүүдөн тартынбаңыз:


Тизмеге кайтуу



Коррупция жөнүндө цитаталар

Transparency International уюму маалымат булактары менен иштөөдө Кыргызстан адам жашоосунун жеке чөйрөсүнө кийлигишпөө боюнча конституциялык принцибин так сактайт жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 20-беренесине баш ийет. Сайтта берилген бардык маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарындагы ачык булактардан алынган.