Коррупцияга каршы журнал
Башкы бет » Нускамалар » Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары » Жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик боюнча биринчи категориядагы адистин кызматтык нускамасы

Жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик боюнча биринчи категориядагы адистин кызматтык нускамасы

20 Март 2019
  1. Жалпы жоболор
  2. Жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик

боюнча биринчи категориядагы адистин функционалдык

милдеттери

III. Жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик

боюнча биринчи категориядагы адистин укуктары

  1. Жер, турак жай маселелери жана муниципалдьнк менчик

боюнча биринчи категориядагы адистин жоопкерчилиги

 

  1. Жалпы жоболор

 

Жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик боюнча биринчи категориядагы адис (мындан ары - адис) айыл өкмөтүнүн аппаратынын муниципалдык кызмат адамы болуп эсептелет.

Адис муниципалдык кызматчы болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу башчысы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Адис жогорку билимдүү, тейлөөчү тармактын бири боюнча бир жылдан кем эмес иш стажысы, документация менен иштөө көндүмү болууга тийиш.

Өзүнүн иш-аракетинде адис Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, жергиликтүү жамааттын уставын, жергиликтүү кеңештин чечимдерин, ошондой эле ушул кызматтык нускаманы жетекчиликке алат.

 

  1. Жер, турак жай маселелери жана муниципалдык

менчик боюнча биринчи категориядагы адистин

функционалдык милдеттери

 

  1. Адис турак жай маселелери бөлүгүндө төмөнкүлөргө милдеттүү:

- жергиликтүү коомдоштуктун аймагындагы турак жай фондунун абалын изилдөөгө жана жергиликтүү кеңеш үчүн тиешелүү маалымат даярдоого;

- жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү кеңештин тиешелүү туруктуу депутаттык комиссиясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын суроо-талабы боюнча маалымат даярдоого;

- турмак жай маселелери, анын ичинде турак жай фондун өнүктүрүү жана жакыр жарандардын турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдоого;

- жергиликтүү кеңеш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы кабыл алган чечимдерди аткарууну камсыз кылууга;

- жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын тапшыруусу боюнча турак жай маселелерине байланышкан башка иштерди жүргүзүүгө;

- турак үйлөрдүн, соода точкаларынын, социалдык-маданий тиричилик объектилеринин, көчөлөр менен аянттардын санитардык абалын текшерүү боюнча санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын кызматкерлери менен рейддерди жүргүзүүгө;

- аныкталган тартип бузуулар жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына же компетенттүү органдарга сунуш киргизүүгө.

  1. Адис жер маселеси бөлүгүндө төмөнкүлөргө милдеттүү:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү кеңештин Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин бөлүштүрүүгө жана пайдаланууга тийиштүү чечимдерин аткарууну уюштурууга;

- аталган жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугун изилдөөгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы үчүн маалыматтарды даярдоого;

- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн дифференциалданган ставкаларды кыртыштын бонитетинин баллын эске алып аныктоо боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитүү үчүн сунуш киргизүүгө;

- жер участокторун алып коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдарды сот органдарына өткөрүү үчүн даярдоого.

  1. Адис муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө бөлүгүндө төмөнкүлөргө милдеттүү:

- турак жай-коммуналдык чарбанын иштеши жана аны өнүктүрүү жана аймактарды ыңгайлаштыруу маселелери боюнча маалыматтарды чогултуу жана жалпылоого;

- муниципалдык менчикти пайдаланууга жана тескөөгө байланыштуу маселелер боюнча жергиликтүү кеңештин жана айыл өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун даярдоого жана алардын аткарылышын контролдоого;

- жергиликтүү коомдоштуктун муниципалдык менчигиндеги жолдордун, имараттардын, курулмалардын абалдарын жана пайдаланылышын иликтөөгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына сунуштарды даярдоого;

- жоюлуучу ишканаларды менчиктештирүүгө жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттагы объектилерди жана жабдууларды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун балансына өткөрүп берүүгө катышууга;

- жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын муниципалдык менчиктеги ишканалар менен мекемелердин өндүрүштүк жана финансылык-чарбалык иш-аракетине таандык чечимдерин контролдоого жана аткарууга;

- муниципалдык менчикти убактылуу же туруктуу ээликке жана пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нормативдик актылардын долбоорлорун даярдоого;

- мүлктүн менчик ээлери менен коммуналдык кызматтарды көрсөтүү же турак жай үчүн, ошондой эле жергиликтүү жамааттын социалдык жана маданий ишкердиги үчүн пайдаланылуучу мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө же сатууга карата контракттарды түзүүгө;

- мүлккө муниципалдык менчиктин реестрин жүргүзүүгө, ошондой эле муниципалдык менчикти натыйжалуу башкарууга керектүү башка маалыматтарды топтоого;

- муниципалдык менчикти камсыздандыруунун тартибин жана анын сакталышын камсыздоонун башка ыкмаларын аныктоо боюнча сунуштарды даярдоого;

- жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын тапшырмасы боюнча башка милдеттерди ишке ашырууга.

  1. Курулуш маселеси бөлүгүндө адис төмөнкүлөргө милдеттүү:

- жергиликтүү жамааттын аймагындагы курулуш иштерин жүргүзүүчү ишканалардын, мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле жеке адамдар менен курулуш нормаларын сактоо маселеси боюнча инструктаж өткөрүүгө;

- тийиштүү мамлекеттик кызматтар менен бирдикте курулуш иштерин жүргүзүүчү юридикалык жактарда жана жеке адамдарда курулуштук документтери бар экенин, тургузулган курулмалардын архитектуралык жана санитардык нормаларга, өрт коопсуздугуна ылайык келишин текшерүүгө;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына калктуу конуштун архитектуралык көрүнүшү маселеси боюнча сунуштарды даярдоого;

- имараттардын жана курулмалардын курулуш нормаларына ылайык келишин изилдөөгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына тийиштүү маалымат даярдоого;

- жергиликтүү жамааттын аймагында социалдык-маданий, тиричиликтик жана чарбалык арналыштагы, анын ичинде ашар ыкмасы менен тургузулуучу курулуш иштерин уюштурууга, ошондой эле жергиликтүү жамааттын аймагын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүгө катышууга;

- жергиликтүү жамааттын турмуш-шартын камсыздоонун жаңы объекттерин куруу жөнүндө чечимдердин долбоорлорун даярдоого;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу, объекттерди мүмкүн болуучу табигый кырсыктардан коргоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү маселелери боюнча сунуштарды даярдоого;

- табигый кырсыктарды, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруу-практикалык иш-чараларды уюштурууга катышууга;

- жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын тапшырмалары боюнча, ошондой эле өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын негизинде курулуш маселеси боюнча иштин башка түрлөрүн аткарууга;

- архитектуралык-курулуштук көзөмөлдүн, өрт көзөмөлүнүн, СЭСтин инспекторлору менен бирдикте курулуп жаткан объекттердин мамлекеттик стандартка, өрт коопсуздугуна, архитектуралык жана санитардык нормаларга ылайыктыгын текшерүүнү жүргүзүүгө.

 

III. Жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик

боюнча биринчи категориядагы адистин укуктары

 

Адис төмөнкүлөргө укуктуу:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына аныкталган кемчиликтер жөнүндө өз компетенциясынын чегинде маалымат берүүгө;

- ээлеген кызмат орду боюнча укуктарын жана милдеттерин, кызмат боюнча жогорулоосунун шарттарын белгилеген документтер менен таанышууга;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү уюштуруучулук-техникалык шарттар менен камсыздоону талап кылууга;

- өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында чечим чыгарууга же аларды даярдоого катышууга;

- айыл өкмөтүнүн карамагындагы структуралардан жана кызмат адамдарынан кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга алардын менчигинин түрүнө карабастан барууга;

- өзүнүн өздүк делосундагы материалдар, өз иш-аракети тууралуу пикирлер жана башка документтер менен аларды өздүк делосуна киргизгенге чейин таанышууга, өздүк делосуна өзүнүн түшүндүрмөлөрүн тиркөөнү талап кылууга;

- муниципалдык кызмат менен байланышкан талаш-тартыштарды чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына же сотко кайрылууга;

- муниципалдык кызматты өркүндөтүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө;

- кесиптик бирликтерге мүчө болууга;

- жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен кесиптик деңгээлин жогорулатууга (даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын өзгөртүү, квалификациясын жогорулатуу) талапкер болууга;

- муниципалдык жана мамлекеттик кызматтардын бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстарга катышууга;

- анын беделин жана кадыр-баркын кетирүүчү маалыматтарды четке кагуу үчүн кызматтык териштирүү жүргүзүүнү талап кылууга;

- жетекчинин оозеки буйругунун мыйзамдуулугунан шектенүү пайда болгон учурда ал буйрукту кат жүзүндө ырастоону талап кылууга;

- коопсуз эмгек шартын камсыз кылууну талап кылууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз каалоосу боюнча бошонууга.

 

  1. Жер, турак жай маселелери жана муниципалдык

менчик боюнча биринчи категориядагы

адистин жоопкерчилиги

 

Адис ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы же тиешелүү эмес түрдө аткарганды үчүн (кызматтык жосун) жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы адиске Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актылары менен каралган төмөнкүдөй дисциплинардык жазаларын берүүгө укуктуу: эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш, кызматына толук ылайык келбегендиги тууралуу эскертүү, кызматтан бошотуу.

Кызматтык жосунга адис жол берген учурда айлык маянасы сакталбастан кызматтык милдеттерин аткаруудан убактылуу (анын дисциплинардык жоопкерчилиги тууралуу маселе чечилгенге чейин) четтетилиши мүмкүн.

Кызматтан четтетүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлөт жана бир айдан ашпаган мөөнөткө жол берилет.

Дисциплинардык жазаны колдонуу жана даттануу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актылары менен белгиленет.

Адис жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузууга алып келүүчү аракеттер же аракетсиздик үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган жоопкерчиликти тартат.



Бул макаланы бөлүшүүдөн тартынбаңыз:


Тизмеге кайтуу



Коррупция жөнүндө цитаталар

Transparency International уюму маалымат булактары менен иштөөдө Кыргызстан адам жашоосунун жеке чөйрөсүнө кийлигишпөө боюнча конституциялык принцибин так сактайт жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 20-беренесине баш ийет. Сайтта берилген бардык маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарындагы ачык булактардан алынган.