Коррупцияга каршы журнал
Башкы бет » Колдонмолор » Маалыматка жетүү » Жарандар кантип мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын жана жетекчилеринин жеке кабыл алуусуна кирсе болот.

Жарандар кантип мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын жана жетекчилеринин жеке кабыл алуусуна кирсе болот.

24 Июнь 2022
  1. Арыздардын маңызы боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары жана жетекчилери жумасына бир жолудан кем эмес жарандарды жеке кабыл алууну жүргүзүүгө милдеттүү экенин билишиңиз керек!
  2. Жарандарды кабыл алуу жарандарды кабыл алуу графигине ылайык жүргүзүлөт, ал мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун расмий сайтында жарыяланууга жана мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имаратындагы стенддерге жайгаштырылууга тийиш.
  3. Жеке кабыл алууда жаран өзүнүн инсандыгын тастыктаган документти көрсөтүшү керек.
  4. Эгерде оозеки кайрылууда айтылган маселени жеке кабыл алууда чечүү мүмкүн болбосо, кайрылуу жаран тарабынан жазуу жүзүндө же электрондук түрдө берилиши мүмкүн жана мыйзамда белгиленген тартипте катталууга жана каралууга тийиш.
  5. Эгерде кайрылууда чечүү ушул мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же кызмат адамынын компетенциясына кирбеген суроолор болсо, жаранга ал каякка жана кандай тартипте кайрылуусу керектиги боюнча түшүндүрмө берилет.
  6. Жеке кабыл алууда жаранга кайрылууда коюлган суроолордун маңызы боюнча жооп берилсе, кайрылууну андан ары кароодон баш тартылышы мүмкүн.
  7. Республиканын алыскы аймактарынан келген жарандар кезексиз кабыл алууга укуктуу.

           Мындай жарандардын кабыл алуудан баш тартуусуна жол берилбейт.

 

Маалымдама: 2007-жылдын 4-майындагы № 67 «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.



Бул макаланы бөлүшүүдөн тартынбаңыз:


Тизмеге кайтуу



Коррупция жөнүндө цитаталар

Transparency International уюму маалымат булактары менен иштөөдө Кыргызстан адам жашоосунун жеке чөйрөсүнө кийлигишпөө боюнча конституциялык принцибин так сактайт жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 20-беренесине баш ийет. Сайтта берилген бардык маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарындагы ачык булактардан алынган.