Коррупцияга каршы журнал
Башкы бет » Ийгилик окуялары » Талдоо » ТОО-КЕН ИШТЕРИНЕ УКУК БЕРҮҮДӨ КОРРУПЦИЯЛЫК ТОБОКЕЛДИКТЕР

29 Июнь 2022

Трансперенси Интернешнл Кыргызстан жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо системасындагы коррупциялык тобокелдиктерге баа берген изилдөөсүн жарыялады. Изилдөө Трансперенси Интернешнл уюмунун Тоо-кен тармагында эсепберебилерлик глобалдык программасынын алкагында уюм тарабынан иштелип чыккан Тоо-кен иштерине укук берүүдө коррупциялык тобокелдиктерди баалоо (MACRA) ыкмасын колдонуу менен жүргүзүлгөн. Трансперенси Интернешнл уюмунун Кыргыз Республикасындагы улуттук бөлүмү Трансперенси Интернешнл (TI) Тоо-кен тармагында эсепберебилерлик глобалдык программасына кошулган 5 жаңы бөлүмдүн бири болуду. Тоо-кен тармагында эсепберебилерлик программасы тоо-кен казып алуу тармагындагы ачык-айкындуулукту жана эсепберебилерликти жогорулатуу боюнча учурдагы аракеттерди толуктап, тоо-кен казып алуу боюнча чечимдердин чынжырчасынын баштапкы этабына: өкмөттөр тоо-кен казып алуу үчүн уруксаттарды жана лицензияларды ыйгарып жана берип, контракттарды сүйлөшүп жана келишимдерди түзүп жаткан этабына өзгөчө көңүл бурат.

ТОО-КЕН ИШТЕРИНЕ УКУК БЕРҮҮДӨ КОРРУПЦИЯЛЫК ТОБОКЕЛДИКТЕР отчетун жүктөө

Download ACCOUNTABLE MINING CORRUPTION RISKS IN MINING AWARDS SYSTEM OF THE KYRGYZ REPUBLIC



Бул макаланы бөлүшүүдөн тартынбаңыз:


Тизмеге кайтуу



Коррупция жөнүндө цитаталар

Transparency International уюму маалымат булактары менен иштөөдө Кыргызстан адам жашоосунун жеке чөйрөсүнө кийлигишпөө боюнча конституциялык принцибин так сактайт жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 20-беренесине баш ийет. Сайтта берилген бардык маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарындагы ачык булактардан алынган.